‘Manas Cup-2017’: ‘Megacom’ чемпион


“Manas Cup 2017” футболдук турниринин финалдык туру өткөрүлдү. Финалда КТРК Ambassador, Megacom жана Hyatt Regency командалары күч сынашып, чемпиондук үчүн ат салышты.

Жыйынтыгында 3-орунга Hyatt Regency командасы ээ болсо, бир упай менен артта калган КТРК командасы 2-орунга татыды.

Ал эми чемпиондукту Megacom компаниясы жеңип алды. Жеңиш ээлерине сыйлыктарды окуу жайдын проректорлору проф., док. Анварбек Мокеев жана Проф., док. Хусейин Өгүт тапшырды.

Командалар Кубок, диплом жана медалдар менен сыйланды. Белгилей кетсек, футболдук турнир бүтүрүүчүлөр менен университеттин байланышын бекемдөө, университеттин башка мекемелер менен кызматташуусун кеңейтүү жана катышуучуларды спорт менен активдүү машыгууга тартуу максатында уюштурулган.

“Manas Cup” футболдук турнирин жыл сайын өткөрүү пландалууда.

Даярдаган: Адинай Курманова