Абай Кунанбаевди эскерүү кечеси


Университетибизде үстүбүздөгү жылдын 4-май күнү казак элинин чыгаан уулу, белгилүү жазуучу Абай Кунанбаевди эскерүү кечеси  болуп өттү. КТМУнун Студенттик иштер башкармалыгы Эл аларык студенттер координаторлугу, Тышкы байланыштар бюросу  жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен биргеликте уюштурган кечеге Казакстан Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов, Украинанын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Дорошенко, Казакстан, Азербайжан жана Украина элчиликтеринин кызматкерлери менен окуу жайыбыздын ректору проф., докт. Себахаттин Балжы, университетибиздин кызматкерлери жана студенттер катышты.

 Кечеде Абай Кунанбаевдин чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, концерттик номерлер менен коштолду. 

Абай Кунанбаев жазуучу эле эмес, чыгаан философ, ойчул катары казак элинин искусствосуна жана бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык казынага орчундуу салым кошкон.