Өлкө өкүлдөрүн шайлоо башталды.


14-октябрда “Эл аралык студенттер координаторлугунда” Кыргызстан менен Түркия Республикасы жана боордош үч өлкөнүн студенттеринин арасында өлкө өкүлдөрү шайланды.

Шайлоодо добуш берүү жабык түрүндө өткөрүлүп, ага жүздөгөн студенттер катышты. Өлкө өкүлү болууга талапкер болгон студенттер бир жыл ичинде аткарылчу программалары менен бөлүшүп, өзүлөрү тууралуу кыскача айтып беришти.

Өлкө өкүлү болууга эң аз эки, эң көп беш студент талапкерлигин койду. Жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын өкүлү болуп Нурсултан Канаев жана Рамазан Короглу шайланды. Ал эми Казакстандыкы Камиран Алимов болсо, Өзбекистан менен Тажикстандын өкүлү болуп Гулнур Ибрагимова жана Алимжан Раимжанов дайындалды.

Белгилей кетсек, “Эл аралык студенттер координаторлугу” университетибизде билим алып жаткан Түркия Республикасы жана боордош 11 өлкөнүн студенттеринин илимий, социалдык, спорттук жана маданий иш-чараларга активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү, улуттар аралык маданияттын жакындашуусун арттыруу максатында түзүлгөн.

Аталган координаторлук 2015-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал эми келерки жума, Азербайжан, Орусия, Кытай, Монголия, Түркменистан жана Афганистан өкүлдөрүнүн шайлоосу пландалууда.

 

Даярдаган: Адинай Курманова