Окуу программаларынын катышуучулары семинар өттү


18-октябрда Студенттик Кеңештин “Билим” комитети тарабынан “Кел бөлүшөлү” аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Семинарда Алмашуу (Exchange) программалары аркылуу чет мамлекеттерде билим алып келген студенттер өзүлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.

 

Семинарда ачылыш сөзүн сүйлөгөн Студенттик Иштер Башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын мүдүрү Кыял Турдакунова “Адам өзүнө-өзү инвестиция кылуу менен ийгиликтерди багындырат, силер бул ишти бүгүнкү күндөн башташыңар керек ”,-деп билдирди.

Семинарда жалпы 8 студент Айчүрөк Омокеева (“DAAD”Германия), Залкар Аманов (“Talk Camp”Малайзия), Жылдыз Арстанбекова (“SUSI”АКШ), Азиза Калбекова (“Global UGRAD”АКШ), Чолпон Жумабаева (“AIESEC”),

Перизат Саитбурханова (“Summer Camp on PEACE”Германия), Самат Эргешмамбет уулу (“Erasmus+” Түркия, ”Kumamoto Summer Program”Япония), Нурбек Орозалиев (“Mevlana”Түркия) өзүлөрү барып келген программалары тууралуу кенен маалымат берип, аларга тапшыруунун жол-жоболорун түшүндүрүп өтүштү.

Мындан тышкары ар бир студент видео-тасма жана сүрөттөрдүн коштоосунда кызыктуу окуялары менен бөлүшүп, алмашуу программаларына тапшырууга чакырды. Иш-чаранын соңунда семинардын спикерлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Адысеитова Таттыбүбү