“Манастын” студенттерине Президенттин стипендиясы


Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында КТМУнун коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Урманбетова Гүлжамал жана Орозбекова Айсулуу өлкө башчысынын стипендиясы менен сыйланды.


Салтанаттуу иш-чара “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлүп, жалпы 70 студент президенттин стипендиясына ээ болду. Стипендия ээлери ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Өлкө башчысынын сыйлыгын алуу үчүн отузга жакын окуу жайдан 3-4-курстун студенттери катышкан.
Стипендия ээси Урманбетова Гүлжамал “Өлкө башчысынын стипендиясын алам деп күткөн эмесмин, абдан сүйүндүм”,- деп билдирди. Ал эми Айсулуу Орозбекова президенттин стипендиясына ээ болгонуна сыйлык колуна тийгенде гана ишенген.


Белгилей кетсек, Урманбетова Гүлжамал “Мевлана” алмашуу программасы аркылуу Түркиянын “Селчук” университетинде билим алып келген. Ал эми Орозбекова Айсулуу “Прогрессивдүү демилгелер” фондунун Кыргызстандын жаш лидерлери коомдук мектебинин 7-агымынын бүтүрүүчүсү. Ошондой эле эки студент тең “TRT” каналында бир ай практика өтүп келген.
Эскерте кетсек, 2016-жылы журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Урматбекова Айзирек президенттин стипендиясына ээ болгон.

Даярдаган: Адинай Курманова