“Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоору кайрадан старт алды


21-Октябрда даярдоо курсунун студенттерине багытталган “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоорунун ачылыш сабагы өткөрүлдү.


Ачылыш сабакка жалпы 500 дөн ашык студент катышып, сабактын программасы менен тааныштырылды. Сабактар түрк тилин мыкты билген жогорку класстын студенттери тарабынан өтүлүп, ар ишемби саат 10:00 дон тартып эки сааттан окутулат.

Курсту ийгиликтүү бүтүргөндөр жыл аягында сертификат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Долбоордун учурдагы жетекчиси Салим Акбаш “Максатыбыз даярдоо курсунун студенттерине түрк тилин үйрөнүүдө жана аны практикада колдонууда көмөк көрсөтүү. Ошондой эле улуттар аралык ынтымакты чыңдоо менен бирге достук мамилени бекемдөө”,- деп билдирди.


Белгилей кетсек, “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоору 2014-жылы Түрк Кеңешине караштуу Студенттик Кеңештин төрагасы Атилла Гүвен тарабынан түзүлгөн.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова