Мектеп окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” семинары уланууда


Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында “Манас +” командасы тарабынан Бишкек шаарындагы №95 мектеп гимназиясында 5-8-класстардын окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” аталышындагы семинар өткөрүлдү.


Cеминар «Манас+» командасы, «Инсандык өнүгүү” клубу жана аталган мектептин 9-11 класстарынын арасынан тандалган ыктыярчылардан түзүлгөн топ менен биргеликте өткөрүлдү. Жол эрежелери жана коопсуздукту кантип сактоо керектиги жөнүндө маалымат берилгенден кийин окуучулар, суроо-жооп аркылуу алган маалыматтарын тереңдете алышты. Ошондой эле жол эрежелерин сактоо боюнча видео тасмалар көрсөтүлдү.


Мындан тышкары семинарда “Билим” комитети тарабынан “Мен жол эрежесин билем” аталышында дилбаян жазуу конкурсу жарыяланды. Жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгарылып, ар бир класстан тандалган эң мыкты үч дилбаянга сыйлыктар берилет.


Белгилей кетсек, “Мен жол эрежесин билем” семинары өткөн жумада аталган мектептин 9-11-класстын окуучулары үчүн өткөрүлгөн.

Даярдаган: Адинай Курманова