Дүйнөлүк жаштар фестивалына катышкан “Манастыктар”


Кыргызстандын 200 дөн ашык жаш активисти 14-22-октябрь күндөрү Россиянын Сочи шаарында өткөн “Жаштардын жана студенттердин XIX дүйнөлүк фестивалына” катышып келди. Ал эми аталган фестивалга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен 10 го жакын студент катышкан.


Маалыматка ылайык, Сочи шаарында өткөн жаштар фестивалына 188 өлкөдөн 30 миңден ашык жаштар катышкан. Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар ар кандай талкууларга, маданий, спорттук жана илим-билим жаатындагы иш-чараларга катышкан.
Аталган фестивалга катышкан “Манас” университетинин айрым студенттери менен фестивалга катышкандагы сүйүнүчтөрү жана фестивалдын жүрүшү тууралуу кыскача маек курдук.


Айыл-чарба факультетинин 4-курсунун студенти Капар Насирдинов “Фестивалга кабыл алынгандыгым тууралуу кат келгенде көп деле сүйүнгөнүм билинген эмес. Толкундануум Сочи шаарына барганда башталды, өзгөчө фестивалдын ачылышында башкача жагымдуу сезимде болдум деп”,- эскерет.


Ал эми эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Токсомбаева Сымбатка кабыл алынгандыгы тууралуу кат келгенде түнкү саат 3 болчу. Алгач эмне тууралуу келгенин деле түшүнө алган эмес. Кийин сүйүнүчтөн бир топко чейин уктабай жатканын эскерет. Ал эми фестиваль тууралуу “Фестиваль жашоомдогу эң унутулгус жана кайталангыс учурларды тартуулады. Фестивалдан үйрөнгөн билимим жана тажрыйбаларым өз өлкөмдө пайдасы тийет деген ишеничтемин”,- дейт Сымбат.


Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Калыбаева Каныкей “Фестивалга өттүң деген катты окуганымда абдан сүйүндүм, ал учурдагы сезимдеримди сөз менен айтып жеткире албайм. Фестиваль башынан аягына чейин өтө кызыктуу жана пайдалуу өттү. Бул фестивалга таандык бардык нерсе ар дайым жүрөгүмдө сакталат”,- дейт Каныкей.


Коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Канат Ногойбаев “Бул фестивалга катышууну абдан каалагам жана жыйынтыгын чыдамсыздык менен күткөм. Фестиваль мен күткөндөн да өтө жогорку деңгээлде болду. Фестивалга катышуу менен ар тармактан тажрыйба алып, ар улуттан досторду таптым. Фестивалдагы кайталангыс атмосфера жашоого болгон мотивацияңды күчөтүп, келечегиңди мыкты курууга шыктандырды”,- деп билдирди.


“Төрт жылда бир жолу өткөн фестивалга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу кандай бакыт. Кабыл алынгандыгым тууралуу кат келгенде сүйүнүчтөн катты бир нече жолу окуп чыккам. Фестивалдан соң дүйнөгө болгон ой-пикирим өзгөрүп, жакшы жашоого дем-күч, шыктануу алдым. Ар улуттун жаштары менен достошуп, кайталангыс, эң мыкты күндөрдү өткөрдүм”,- дейт орус тили жана адабияты бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Үмүт Нурланова.


“Дүйнөлүк деңгээлдеги фестивалга катышканым үчүн бир жагынан сыймыктанып, сүйүндүм. Себеби мындай мүмкүнчүлүк бардык эле адамга келе бербейт. Фестиваль тууралуу айтсам, уюштуруучулук деңгээлине чоң баа бердим. Буюрса өлкөбүздө да ушундай иш-чаралар өтөт деп ишенем”,- дейт магистратурада окуп жаткан Арсен Асанов.

Даярдаган: Адинай Курманова