“Студенттерди иш дүйнөсү менен тааныштыруу” долбоору


23-октябрь күнү “Студенттерди иш дүйнөсү менен тааныштыруу” долбоорунун алкагында “Hyatt Regency” отелинин тамак-аш секторунун башкы менеджери Ярослав Хозноурек отель ишинин кызматтары боюнча семинар өттү.


Семинарда отель ишинин тейлөө кызматтарынан тартып, менеджерлик кызматка чейинки иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле “Hyatt Regency” отелинин түзүлгөнүнөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки жетишкен ийгиликтери жана отель ишиндеги эске алчу маанилүү жагдайлар тууралуу айтып берди.

Ал өз сөзүндө “Отелге биринчи тейлөөчү болуп орношуп, талыкпаган эмгектин аркасында менеджерлик кызматка жеткем. Эмгек гана адамды ийгиликке жеткирет”,- деп билдирди.


Мындан тышкары отелдеги мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берип, жумушка орношуунун жол-жоболорун түшүндүрүп өттү. Ошондой эле туризм факультетинин студенттерин “Hyatt Regency” отелинде практика өтүүгө чакырды.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы