Ректор менен маектешүү кечелери уланууда


2-ноябрь күнү университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док. Хүсейин Өгүт гуманитардык факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү.


Маектешүү кече окуу жайдын таанытым тасмасы менен Эл аралык студенттер координаторлугу жана “Manas LİFE” студенттик медиа-порталы тарабынан даярдалган “Happy” видеотасмаларын көрсөтүү менен башталды.

Ректор маегинде гуманитардык факультетинде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө “Биз үчүн студенттердин билим алуусу өтө маанилүү, жөн эле колуна кагаз карматып коюу максатыбыз эмес. Студенттерибиз алган билимин жашоодо пайдалана алса, анда биз үчүн чоң жеңиш”,- деп билдирди. Ошондой эле азыр технологиянын заманы аны ким туура пайдаланса, ал ийгиликтүү адам”,-деп кошумчалады.

Ал эми проректор проф., док. Хүсейин Өгүт студенттерге берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу боюнча кеңеш берип, окууларына ийгилик каалады.
Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин суроолоруна жооп беришти.


Эскерте кетсек, 2017-2018-окуу жылындагы факультеттер арасындагы үчүнчү маектешүү кечеси өткөрүлдү.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы