Белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулбеков семинар өттү


Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” жана “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Бүтүрүүчүдөн студентке” долбоорунун алкагында “Ийгиликтин сырлары” аталышындагы семинар уюштурулду. Семинар КТМУнун бүтүрүүчүсү жана белгилүү теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков тарабынан өтүлдү.

Семинарда Эркин Рыскулбеков өзүнүн балалык чагынан тартып, студенттик күндөрдөгү кызыктуу окуялары, телевидениедеги алгачкы эфирлери, ийгиликке жетүүдөгү кыйынчылыктары жана кызыктуу окуялары менен бөлүштү.


Семинардын жүрүшүндө адам максатына талыкпай умтулса, эч кандай таанышы, акчасы жок да ийгиликке жете турганын белгиледи. Ал өз сөзүндө “Кудайым адам баласын жакшылык жана жамандык менен сынайт. Эки учурду тең туура көтөрүп кетсең ырыскыңды жана дөөлөтүңдү кармап каласың, а бирок чамгарактап боюңду көтөрсөң жаратканым бир күндө алып коет”,-деп билдирди. Ошондой эле “Манас” университетинин өзгөчөлүгү мыкты кампусунда же заманбап технологияларында эмес, биртуугандык мамилесинин күчтүүлүгүндө”,- деп баса белгиледи.

Семинардын соңунда студенттердин суроолоруна жооп берип, мыкты суроо бергендерге белегин тапшырды.


Мындан тышкары Эркин Рыскулбековго уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Таттыбүбү Абдысеитова