Ректорубуз жаңы шайланган Студенттик кеңеш менен жолукту


9-норябрь күнү университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док. Анварбек Мокеев 2017-2018-окуу жылынын жаңы шайланган Студенттик Кеңеши менен жолугушуп, бир жыл ичинде аткарылчу пландары менен таанышты. Ошондой эле башкаруу жана текшерүү кеңешинин мүчөлөрүнө күбөлүктөрүн тапшырды.


Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин ректору проф., док Себахаттин Балжы Студенттик Кеңештин сунуштаган долбоорлорун колдоорун билдирип, бул жылы Студенттик Кеңештеги клубдардын ишмердүүлүгүн жогорулатууну сунуштады. Мындан тышкары сунушталган жаңы долбоорлордун жана иш-чаралардын ийгиликтүү ишке ашарына ишенерин билдирди. Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев бири-бирин кайталаган окшош иш-чараларды эмес, жаңы долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Ошондой эле окуу менен коомдук иштерди бирдей алып кетүүгө чакырды.


Студенттик Кеңештин төрайымы Алина Тилектешова жана анын орун басары Салим Акбаш бир жыл ичинде аткарылчу жаңы долбоорлордун, иш-чаралардын жана жаңы клубдардын планы менен тааныштырып өттү. Соңунда ректор жана проректор Студенттик Кеңештин мүчөлөрүнө күбөлүктөрүн тапшырды.


Даярдаган: Адинай Курманова