Ректорубуз “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоорунунда конокто


Университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында старт алган “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоорунун катышуучулары менен жолугушту.

Бул окуу жылында даярдоо курсунун практикалык сабактарды өтүүнү каалаган 460 студентине аталган долбоордун алкагында сабактар өтүлүүдө. Ректорубуз сабак өтүлүп жаткан ар бир класска кирип студенттер менен баарлашып чыкты.

Студенттерге “Баштаган ишибиздин аягына чыгабыз”,-деп мотивация берген ректорубуз ала келген таттууларын таратты.

Даярдаган: “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоору