Клубдардын жарманкеси: Кайсы клуб мыкты иштейт?


Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Экономика жана башкаруу факультетинде клубдардын жарманкеси уюштурулду.

Жарманке эки бөлүктөн туруп, расмий ачылышы К. Тыныстанов жыйындар залында өткөрүлдү. Ал эми кийинки бөлүгүндө аталган факультеттин 2-кабатында клубдардын мүчөлөрү менен таанышуу жана клубдарга жазылуу иш- чарасы орун алды.

Жарманкенин ачылыш сөзүндө Студенттик Кеңештин төрайымы Алина Тилектешова клубдардын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, алдыда аткарылчу иш-чаралар менен бөлүштү.

Ал эми анын орун басары Салим Акбаш “Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы дегендей, ынтымакта бирге иш алып барсак жыйынтыгы ийгиликтүү болот”,-деп билдирди. Жарманкенин расмий ачылышы чакан программадагы концерт менен коштолду.

Концертте “Театр” жана “Музыка” клубунун студенттери, ошондой эле “Санжыра” бийчилер тобу өнөрлөрүн тартуулашты. Эске сала кетсек, Студенттик Кеңештин курамында 25 клуб иш алып барууда.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы