Студентибиз “Жашыл блогер” номинациясын жеңип алды


Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрында “Жашыл экономика” форумунун алкагында өткөрүлгөн “Жашыл экономика” кароо сынагында журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Камила Калчакеева “Жашыл блогер” номинациясын жеңип алды. Форум Экономика министрлиги, Германиянын Эл аралык кызматташтык уюму жана “Biz Expert” уюму менен биргелешип өткөрүлгөн.

Салтанаттуу иш-чара “Хаят” мейманканасында өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Толкунбек Абдыгулов тапшырды. Жеңиш ээлери планшеттер, телефондор жана дипломдор менен сыйланышты.


Аталган жарышта жалпы 230 катышуучу “Жашыл экономика” темасы боюнча тв, радио материалдарын жана макалаларды даярдап, алты номинация үчүн күч сынашкан.
“Зелёный блогер” номинациясын жеңип алган Камила Калчакеева “Бул номинацияны алам деп күткөн эмесмин, жеңгенимди кабарлаганда абдан сүйүндүм. Бул жеңишимди апама арнайм ”,- деп билдирди.
Кошумчалай кетсек, Камила Калчакеева эки жыл мурун “Медиа Бабочка” кароо-сынагында тв репортаж багыты боюнча 1-орунду жеңип алган.

Даярдаган: Адинай Курманова