"Университетим-Манас" акыл таймашы


Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү "Ойлоншоу" клубу жана Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан уюштурулган "Университетим - Манас" аталышындагы интеллектуалдык оюн болуп өттү.

Аталган оюнга университетибиздин ректору, агай-эжелер жана студенттер катышты. Жарышта  10 команда окуу жайыбыз тууралуу ар кандай кызыктуу суроолор боюнча ат салышты. Мурунку оюндардан айырмаланып, бул жолкусунда атайын логикалык жана видео-суроолор берилди. Ошондой эле командалардын курамына кеминде бирден чет өлкөлүк студент катталды.

 Жыйынтыгында 3-орунга "Жалын", 2-орунга "Дээвеле"  жана 1-орунга "Достук" командалары татыктуу болуп, 8,16,32 Gb Usb флешкалары жана башка баалуу белектер менен сыйланды.

Оюндун мыкты денгээлде өткөндүгүн ректор баса белгилеп кетти.