“Күзгү жаңырык” чыгармачылык кечеси


Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында көркөм өнөр факультетинин 3-курсунун студенти Бексултан Алимбековдун “Күзгү жаңырык” аталышындагы чыгармачылык кечеси өткөрүлдү. Кечеге окуу жайдын проректору проф., док. Анварбек Мокеев, окутуучулар жамааты, “Инфо ГРУПП” ишке орноштуруучу компаниясынын жетекчиси Адилет Кадыракунов, студенттер жана Бексултандын жакын санаалаштары, достору күбө болуп кайтышты.


Ачылыш сөзүн сүйлөгөн Анварбек Мокеев “Студентибиздин талантын, кылган эмгектерин баалайбыз жана чыгармачылыгын ар тараптан колдоого даярбыз”,- деп билдирди. Ал эми КРдин Эмгек сиңирген артисти, композитор Жамилия Муратова Бексултандын келечекте мыкты өнөр адамы болоруна ишенерин билдирип, “Адамият” чыгармасын аткарып берди. Ошондой эле Алимбековдун чыгармачылыгын колдогон көркөм өнөр факультетинин бүтүрүүчүлөрү, жаш ырчылар Азиз Батыров, Азат Сыдыков, Сырга Сагынбекова, Бакыт Сейталиев өнөрлөрүн тартуулап кайтышты.


Мындан тышкары Бексултан Алимбековдун уюштуруусундагы көркөм өнөр факультетинин студенттери катышкан Түркиянын Анталия шаарында өткөрүлгөн “Кыргызстан кечеси” аттуу концерттен кыска видеотасма көрсөтүлдү. Бул концертти уюштурууга кошкон салымы үчүн Бексултан Алимбеков жана ага катышкан активдүү студенттер Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу миграция кызматы жана “Инфо ГРУПП” ишке орноштуруучу компаниясынын сертификаттары менен сыйланды.


Эскерте кетсек, буга чейин Бексултан Алимбековдун “Ыйыгым” аталышындагы алгачкы тушоо кесүү концерти өткөрүлгөн.

Даярдаган: Адинай Курманова