АКШга окууга өткөн студенттер тажрыйбаларын бөлүштү


Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында “GLOBAL UGRAD” программасы аркылуу АКШга окууга өткөн коммуникация факультетинин студенти Билимбек Бактыбеков жана экономика факультетинин студенти Тимур Бапиев аталган программа тууралуу семинар уюштурду.

Семинарда “GLOBAL UGRAD” программасынын финалисттери өзүлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, программага керектелүүчү документтер жана эссе жазуудагы эске алчу жагдайлар тууралуу айтып беришти. Ошондой эле TOEFL га даярдануу жана 2-турдагы аңгемелешүүдө суроолорго жооп берүү боюнча кеңештерин беришти.


Бул программага өтүүдө бир жылдык эмгек талап кылынды, жакшы жыйынтыгына сүйүнүп отурам деген Билимбек Бактыбеков буларга токтолду. “Чет өлкөдө билим алуу максатым ишке ашканы турат. Бул программага өтүүдө буга чейин басып өткөн тажрыйбаларым, кылган иштеримдин жардамы тийди десем болот “,- дейт Билимбек. Ал эми Тимур Бапиев АКШ да окуп келерине дагы деле ишене албай турганын билдирди. “Мен бул программага өтөм деп максат койдум жана ага жетиш үчүн эмгектендим, кыйынчылык болгондо чыдадым. Программага катталып коюп, кийинки баскычтарында таштап салган студенттерге аягына чейин чыгаргыла деп кеңеш берем”,- деди Тимур.


Семинардын соңу суроо-жооп менен жыйынтыкталды.
GLOBAL UGRAD-бул АКШ мамлекетинде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген, студенттердин алмашуу программасы.
Эскерте кетсек, буга чейин коммуникация факультетинин студенти Азиза Калбекова аталган программа аркылуу бир жыл билим АКШ да алып келген.

Даярдаган: Адинай Курманова