"Биз тамеки чегүү жана ичкиликке каршыбыз" футболдук турнири уюштурулду


Студенттик Кеңештин “Спорт” комитети тарабынан "Биз тамеки чегүү жана ичкиликке каршыбыз" футболдук турнири уюштурулду.
Турнирде сегиз клуб жана төрт комитет болуп, жалпы 12 команда күч сынашты.

Турнирдин максаты жаштарды ичимдик жана чылым чегүү сыяктуу зыяндуу адаттардан оолак болуп сергек жашоого үндөө, клубдар арасындагы ынтымакты жана достукту бекемдөө болгон.

Эки күнгө созулган оюндун жыйынтыгында 3-орунга “Туризм” клубу ээ болсо, 2-орунду “Компьютер” клубу ээледи. Ал эми чемпиондукту “Manas People” юмористтик-скетч шоу клубу жеңип алды. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана сертификаттар менен сыйланышты.


Белгилей кетсек, "Биз тамеки чегүү жана ичкиликке каршыбыз"  кубогу жыл сайын өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова