Ч. Айтматовду эскерүү күнү Ата-Бейитте өттү


   Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Ата-Бейитте Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү күнү өттү. Студенттер кеңеши тарабынан уюштурулган бул иш-чарага клубдардын жетекчилери жана даядоо курсунун активдүү студенттери катышты. 

   “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде улуу жазуучунун элесине куран түшүрүлүп, студенттерге Айтматовдун чыгармалары жана өмүр таржымалы тууралуу маалыматтар айтылды. Студенттик Кеңештин төрайымы Алина Тилектешова “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары ар дайым жүрөгүбүздө сакталат. Анын чыгармаларын урпактарга жайылтуу жана таанытуу биздин милдетибиз”,- деп билдирди.

Ошондой эле “Айтматовдой улуу инсан менен таанышпай калганым, жок эле дегенде жанынан көрбөй калганым абдан өкүнүчтүү. Жазуучубуз мен үчүн эң идеалдуу адам катары кала берет”,- деди эскерүүгө келген студенттердин бири Адилет Тилебаев.

Мындан тышкары студенттерге жазуучунун өмүр таржымалы жана чыгармаларына байланышкан суроолор берилип, белектер тапшырылды.

   Белгилей кетсек мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланып калган. 

                                                                                              

Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай