“СПИД” тууралуу эмне билесиң?” аттуу семинар өттү


13-декабрь күнү Касым Тыныстанов жыйындар залында “СПИД” тууралуу эмне билесиң? аталышындагы семинар уюштурулду. Семинар Республикалык спид борборунун врач-эпидемологу Айгерим Мейманбекова тарабынан өткөрүлдү.


Семинарда Мейманбекова СПИДдин жугуу жана андан сактануу жолдору тууралуу кенен маалымат берди. “Кыргызстанда СПИДке чалдыккан жарандарыбыз ачыкка чыгарып, аны менен күрөшүүнүн ордуна жашырып, дарыланбай жүрүүнү тандашат. Бул оорунун көбөйүшүнө себеп болууда”,- деп билдирди. Ал эми университетибиздин ден-соолук борборунун дарыгери Осмонбекова “СПИДди кантип дарылоонун жолдоруна эмес, аны алдын алууга көбүрөөк көңүл бөлүү маанилүү”,- деди.


Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө СПИД тууралуу видео-тасма көрсөтүлдү.


Соңунда студенттердин алган маалыматын бекемдөө максатында суроолор
берилип, кызыктыруучу белектер тапшырылды.


Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү 1-декабрда белгиленет.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова