“Ойлоншоунун” 8-сезону жыйынтыкталды


Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрь күнү К. Тыныстанов жыйындар залында “Ойлоншоу” интеллектуалдык оюнунун 8-сезону жыйынтыкталды. Оюн “Кыргыз медиясы” темасынын алкагында өткөрүлдү. Иш-чарага “Манас” чай компаниясынын мүчөсү Темирлан Адинов, Студенттик Кеңештин мүчөлөрү жана оюнчулар катышты.

Таймаш “Ойлоншоу” клубунун таанытым видео-тасмасы менен башталып, концерттик программа менен уланды. Мелдеште жалпы 10 команда ат салышып, эки тур менен күч сынашты. Оюнчулар гезит, тв, радио тарыхынан тартып, медиа өкүлдөрүнө байланышкан суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгында 3-орунга "Жаңы муун"  жана  2-орунга "Интеллект" командалары ээ болушту. Ал эми жеңишти "Олимп" командасы багынтып, финалга жолдомо алды. Жеңүүчүлөр “Манас” чай компаниясынын белектери жана дипломдор менен сыйланды.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 20-декабрда өтөт. Ал эми мелдештин темасы чүчү кулак боюнча тандалып, “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Ойлоншоу” баракчасы аркылуу жарыяланат. 

Даярдаган: Назарбай кызы Аксаамай