Ректор экономика факультети менен маектешүү кечесин өткөрдү


Университеттин  ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док. Анварбек Мокеев экономика жана башкаруу факультетинин студенттери менен   маектешүү кечесин өткөрдү. 

Маектешүү кече окуу жайдын таанытым тасмасы менен башталды. Ректор маегинде  экономика жана башкаруу факультетинде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө  “Беш жыл бою алган билимиңерди кийинки беш жыл ичинде гана колдоно алышыңар мүмкүн. Анткени тездик менен өзгөрүп, өнүгүп жаткан дүйнө жаңы билимди талап калат. Мен окуу жайды бүтүрдүм, билимим өмүр бою жетет деген ой чоң жаңылыштык. Замандын агымына жараша өсүү, өмүр бою окуп, үйрөнүү керек”,- деп билдирди. Ошондой эле байланыш каражаттарын жана жаңы технологияларды туура колдонууга чакырды.

Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев “Азыр мүмкүнчүлүктөрдүн болгонуна карабай окубай жаткан студенттер кейитет. Мурун окуганга китеп таппай кыйналчубуз, тапкан учурда да көпчүлүк барагы жок, кызыктуу жерине келгенде отуруп калчубуз. Бактылуу заманда билим алуу мүмкүнчүлүгүңөрдү туура пайдаланып калгыла”,- деп баса белгиледи. 

Жолугушуунун соңунда маектешүүгө келген студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин теология факультетинин студенттери менен маектешүү кечеси өткөрүлгөн. 

Даярдаган: Адинай Курманова