“Айтматов ааламы” эскерүү кечеси өттү


Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында дүйнөгө белгилүү улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү кечеси өткөрүлдү. Иш-чара окуу жайдын Студенттик Кеңеши тарабынан уюштурулду.


Эскерүү кеченин жүрүшүндө Эл аралык студенттер координаторлугу даярдаган, жазуучунун чыгармалары бир нече тилде көркөм окулган видео-тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле көркөм өнөр факультетинин студенттери тарабынан “Кыямат” чыгармасынан кыскача үзүндү көрсөтүлүп, көркөм ырлар окулду. Мындан тышкары “Музыка” клубунун, “Дастан” комузчулар тобунун жана “Санжыра” бийчилер тобунун катышуусундагы концерттик программа менен коштолду.


“Залкар жазуучу менен таанышпай калганым өкүнүчтүү. Бирок мен Айтматовдун чыгармалары аркылуу кыргыз элинин рухий дүйнөсү жана бай маданий мурасы менен тааныштым. Анын чыгармалары түбөлүккө жүрөгүмдө сакталат. Биз улуу жазуучубузду унутууга акыбыз жок”,- деди окуу жайдын ректору проф., док. Себахаттин Балжы.


Ал эми проректор проф., док. Анварбек Мокеев “Айтматовдун “Аккеме” повестиндеги Нургазынын жашоосу бираз айырмачылыктар менен менин жашоомо да окшошуп кетет. Айтматовдун көпчүлүк чыгармаларындагы каармандар чыныгы жашоодон алынган. Жазуучубузду тааныган адам катары анын улуулугун сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес дейт элем. Ч. Айтматовду кийинки муунга таанытуу жана чыгармаларын кеңири жайылтуу биздин милдетибиз. Бул милдетти татыктуу аткарабыз деген терең ишеничтемин”,- деп билдирди.


Иш-чара “Инсандык өнүгүү” жана “Ойлоншоу” клубтары тарабынан уюштурулган дилбаян жана акыл таймаш оюндарында жеңишке ээ болгон студенттерге сыйлык тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.


Белгилей кетсек, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 89-жылдыгы эскерилди.

Даярдаган: Адинай Курманова