“Erasmus Mundus” программасынын финалисттери


Студенттик Кеңештин “Эл аралык мамилелер” клубу тарабынан “How To Apply For Masters Degree Abroad” аталышындагы семинар өткөрүлдү. Семинарды КТМУнун бүтүрүүчүсү, “Erasmus Mundus”  программасы аркылуу  Шотландияда билим алып жаткан  Айжан Орозбакиева  онлайн түрдө өтүп берди. Семинар англис тилинде жүргүзүлдү. 

Семинарда Айжан Орозбакиева “Erasmus Mundus” программасы тууралуу кенен түшүнүк берип, бул программага өтүүдө эске алчу жагдайлар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, эссе жазууда жана керектелүүчү документтерди даярдоодо көңүл бурчу учурлар тууралуу кеңири маалымат берди. 

“Бул программага тапшыруу бир топ убакытты, эмгекти жана чыдамкайлуулукту  талап кылат. Студенттерге бираз кыйынчылык болгондо таштап салбай, аягына чейин аракет кылууну сунуштайм. Ар бириңердин бул программага өтүү мүмкүнчүлүгүңөр бар. Мен силерге ишенем”,- деди Айжан Орозбакиева.  

Мындан тышкары катышуучулардын суроолоруна жооп берип, студенттерге жардам берүүгө  даяр экенин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, “Erasmus Mundus” программасы Европалык Союз тарабынан каржыланат жана 100 пайыз бюджеттик негизде окутулат. Бул программанын финалисттери эки семестр Ирландияда, үч семестр Прагада окуп, акыркы семестрда эл аралык уюмдардын биринде стажировка өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  

Даярдаган: Адинай Курманова