Студенттерибиз балдар үйүнө жардам көрсөттү


Үстүбүздөгү жылдын 22-декабрь күнү Студенттик Кеңештин “Эл аралык мамилелер” клубу тарабынан Военно-Антоновка балдар үйүнө жардам көрсөтүлдү.

Балдар үйүнө жардам көрсөтүү максатында декабрь айы  боюнча окуу жайдын ичинде түрдүү калем сатуу жана тамак-аш жарманкеси сыяктуу акциялар өткөрүлүп, каражат топтолгон. Студенттер чогулткан каражаттын суммасы 25000 сомду түзгөн. Топтолгон суммага балдар үчүн окуу куралдары, кийим-кечек жана мөмө-жемиштер менен таттуулар алынып берилди. Ошондой эле чакан программадагы концерттик программа тартууланды.

Мындан тышкары балдарга керектүү кийимдерди алууга Кыргыз-Түрк “Манас” университети, ал эми  оюнчуктарды жана таттууларды алууга “Yimpaş”  соода түйүнү демөөрчүлүк кылган.

Белгилей кетсек, Военно-Антоновка балдар үйүндө жети жаштан он бир жашка чейинки 100 дөн ашык бала тарбияланат.

Даярдаган: Адинай Курманова