Өзбекстандын кинематографисттери мейманда


    Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрь күнү  Өзбекстандын жаш кинематографисттери мейманда болду.

    Өзбекстандан келген жаш кинематографисттер кеңешинин орунбасары Абдушукур Ойбек, “Өзбек кино” агенттигинин башчысы Мухаммедов Бахдир, операторлор жана киноактёрлор  алгач  окуу жайдын кампусу менен таанышып чыгышты. Андан соң коммуникация факультетинин кинозалында эл аралык фестивалдардан сыйлыктарга ээ болгон өзбек жана кыргыз кино тасмалары көрсөтүлдү. Иш-чарага окуу жайдын проректору проф., док. Анварбек Мокеев, коммуникация факультетинин деканы проф., док. Хамза Чакыр катышты.

    “Сиздер менен бирге иш алып баруу максатыбыз орундалганы турат. Алдыңкы жылдарда байланышыбыз мындан ары да чыңдалат деп ишенем”,- деди проректор проф., док. Анварбек Мокеев.

    Тасмалардын  соңунда студенттер кызыккан суроолоруна жооп алып, меймандар менен маектешүү орун алды.

Даярдаган: Адинай Курманова