Кылымга аты дал келген, кызыктуу оюн “Сармерден”


10- мартта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультетинде Кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири болгон кыз-жигиттин айтышы “Сармерден” оюну болуп өттү. 2016-жылдын эсебинен алгачкы айлампасын баштаган оюн-концертке зал толо көрүүчүлөр батпай, абалкы салтты улап келе жаткан таланттарга алакан чаап ыраазылыгын билдиришти.

Кыз-жигиттер “Сармерденди” “Гүлдөйжан” ыры менен башташып, университетибиздин таланты Акжолтой Канатбек уулу домбранын коштоосунда саламдашуу термесин айтты. Андан соң эки тарап тең “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, концерт обондуу ырлар, макал-лакап жана жаңылмач айтышуу, поэзия, көз таңмай оюну менен уланды. Оюндун жыйынтыгында жеңиш кыздар тарапка ооп, көрүүчүлөрдүн алкышына татыды. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик кеңешинин төрагасынын орун басары Атилла Гүвен билдиргендей, алдыда “Сармерден” оюунунун таймашы жогорку окуу жайлар арасында да өткөрүлмөкчү. Учурда “Манас” университетинин курамы бул таймашка кызуу даярданып жаткан чагы.