Бишкекте дүйнөлүк жоолук күнү белгиленди
Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында “Азия Мол” соода түйүнүндө “Умма” ислам журналы тарабынан Эл аралык жоолук күнүнө карата иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага “Манас” университетинен Эл аралык студенттер координаторлугунун студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер жана мастер-класстар өткөрүлдү.
Ошондой эле фото-стенддер, конкурстар жана викториналар уюштурулуп жеңүүчүлөргө белектер берилди.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Бишкекте үчүнчү ирет өткөрүлдү.
Даярдаган: Адинай Курманова