Клубдардын жарманкеси


Университетибиздин багыттоо программалары алкагында даярдоо курсунун студенттери үчүн “Баарыбыз Манастыкпыз” аттуу таанышуу программасы   үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында болуп өттү. Программада университетинде иш алып барган клубдардын жарманкеси уюштурулду. Клуб башчылары буга чейин аткарылган жана аткарыла иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Кайдыгер адам жок. Жардам сурап кайрылганыбызда  мүмкүнчүлүгү келишинче бардыгы жардам берүүдө  деген “Ак ниет” кайрымдуулук клубунун башчысы Майрамбек уулу Тынчтык: “Биз алдыда  “Билимиң менен бөлүш”, “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу”, “Карылар үйүнө жардам берүү”, “Онкологиялык оору менен ооругандарга жардам көрсөтүү”  деген төрт долбоорду ишке ашырууну көздөп жатабыз”,- деп билдирди. Аталган кайрымдуулук клуб окуу жайыбызда үч жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал эми анда 20 студент иш алып барат. Мындан тышкары 50 дөн ашык ыктыярчылар жардам көрсөтүп келүүдө.  

Университеттеги студенттердин англис тилин үйрөнүүгө болгон шыгын арттыруу жана оңой үйрөнүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында “Spelling Bee”  тв программасы Эл аралык Студенттер Координаторлугу тарабынан ачылган. Таштанбаева Айкел программа тууралуу:  “Буюрса  окуу жайыбызда программаны өнүктүрүп алсак, башка университеттер арасында да өткөрүп масштабын чоңойтуу планыбыз бар”,- деди.

Ошондой эле иш-чарада жаңы ачылган клубдар да пландары менен бөлүштү. Алардын бири “Müzik” клубу, ал “Манаста” алгачкылардан болуп ачылып жатат. Анын башчысы Кузей Уалчын: “Клубдун ишин он киши менен баштадык, жакын арада дагы каалоочуларды кошуп, командабызды чоңойтуу максатыбыз бар”,- дейт. Кузейдин  айтымында клубдун максаты мыкты музыка кечелерин уюштуруу жана кыргыз элине, түрк элине таандык болгон музыкалык аспаптардын  коштоосунда мурда аткарылбаган музыка түрлөрүн жаратуу. 

Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган “Manas Bisiklet Kulübü” үстүбүздөгү жылдын апрель айында түзүлгөн. Ачылгандан бери студенттердин велосипедге болгон кызыгуусун арттыруу максатында  алардын сабактан тышкаркы убактысын көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп келүүдө. Клубдун башчысы Батухан Атеш бул жылы велосипед турларын Ала-Арчага гана эмес, жакынкы өлкөлөргө да жасоону пландап жатканын билдирди.

Жарманкеде студенттер кызыгуусуна жана каалоосуна  ылайык клуб мүчөлөрү болууга жазылышты. Мындан тышкары чакан программадагы концертке күбө болуп кайтышты.