“Жеңүүчүлөр мууну” турнири өттү


Үстүбүздөгү жылдын 24-25-февраль күндөрү университетибизде “Манас Дебаттык клубу” тарабынан уюштурулган “Жеңүүчүлөр мууну” аттуу турнир өткөрүлдү. Турнирге Бишкектеги жети университеттен  53 команда катышты.

   Турнирдин биринчи күнү тандоо туру болуп, кийинки турга 16 команда тандалды. Экинчи күнү жарым финал жана финалдык таймаштын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталды.

 Жыйынтыгында жеңишти КТМУнун “Ну погоди” командасы багындырса, 2-орунду “Тарриз” командасы ээледи. Ал эми “Мыкты сот” наамына Жайнагүл Замирбек кызы татыса, Камилова Аида  “Мыкты спикер”  аталды.

  Жеңүүчү аталган Адина Капарбекова “Мындай турнирлерден критикалык ой жүгүртүүнү,  бардык нерсенин эки тарабын карап, анализ кылууну үйрөндүм”,-деп билдирди.

  Жеңүүчүлөргө кубок жана англис тили курсуна сертификаттар менен бирге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Турнирдин аягында жаңы муун мүчөлорү видеороликтер аркылуу тренерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы