“Enactus Manas” студенттерди курамына чакырат


Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Enactus Manas таанытуу иш-чарасын уюштурду. Ал университетибиздин Студенттик Иштер Башкармалыгы Борбордук Бөлүмүнүн мүдүрү Кыял Турдакунова, “Enactus  Kyrgyzstan” дын аткаруучу директору Гүлбарчын Сүйүнова “Enactus  Kyrgyzstan”дын  директорлор кеңешинин мүчөсү Айбек Жангазиев жана студенттердин катышуусу менен өткөрүлдү.  

Иш-чарада  “Enactus” тууралуу видео көрсөтүлүп, Студенттик Иштер башкармалыгынын мүдүрү Кыял Турдакунованын сөзү менен ачылды. Ал активдүү студенттерди ар тараптан колдой турганын билдирип, мыкты студент болууга чакырды. Ошондой эле “Студент окуу менен үйдүн арасында гана чектелбеш керек, өзүнүн кызыкчылыгына туура келген иш-чараларга катышып, университеттин өнүгүшүнө, коомдун оңолушуна салым кошушу керек”,- деп билдирди.

Ал эми Гүлбарчын Сүйүнова “Enactus” программасынан практика алуу мүмкүнчүлүгү көп экенин баса белгилеп, студенттерди ага мүчө болууга чакырды.  

“Enactus Манас” командасынын демөөрчүсү Айбек Жангазиев  бизнести баштоонун сырлары менен бөлүшүп, буларга токтолду: “Ийгиликке жетүүдө же өзүн жакшы жактан көрсөтүүдө берилген тапшырманы 100 пайызга эмес, андан да жогорку пайызда аткаруу керек жана ар дайым  биринчи болуш керек. Дүйнөдөгү эң бийик чоку  Жомолонгума экенин же  номер биринчи жөө күлүк   Усэйн Болт болгонун  баары билишет. Бирок номер экинчи  жөө күлүктүн же дүйнөдөгү эң бийик экинчи чоку кайсы экенин билишпейт. Ошондуктан ар дайым биринчи болуу керек”,- дейт ал. 

Белгилей кетсек,  “Enactus- бул глобалдуу уюм, ал жаш лидерлер менен алдыңкы бизнесмендерди бириктирет. Азыр бул программага 36 мамлекет, 1700 жогорку окуу жай жана 66 500 студент катышат. Кыргызстанда бул уюм 1995-жылдан тарта иштеп келүүдө.  

Ал эми  “Enactus Манас” командасында учурда 10 го чукул студент бар, алдыда дагы 10 студентти тандап алып, мыкты долбоорлорду аткарууга киришмекчи.