Кыргыз калпагы “Гиннес рекорддор китебине” кирүү алдында


Ушул жылдын 5-март Ак калпак күнүнө карата жасалган 3 метрлик калпакты “Гиннестин рекорддор китебине” каттатуу боюнча өтүнүч кат кабыл алынды. Эң чоң калпакты жасап чыгуу демилгеси “Манас” университетинин студенттерине таандык.

Дүйнөдөгү эң чоң калпакты Гиннес рекорддор китебине киргизүү максатында КТМУнун 2-курсунун студенти Солтобек Эркин үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде аталган уюмдун жетекчилигине интернет аркылуу өтүнүч каты менен кайрылган. Каттын жообу 6-октябрда келип, ушул рекордду расмий түрдө каттоо үчүн жана “Гиннестин рекорддор китебинин” атайын сертификатын алуу үчүн тиешелүү документтер керек экендиги маалымдалган. 

“Кечигип келген каттын жообу бир топ тынчымды алды. Анткени күн сайын эртең менен кечинде улам-улам электрондук кутучамды текшерип турат элем. Акыры күтүлгөн жоопту алдык. Эми керектүү документтерди чогултуу зарыл, ошондо гана “Калпак Гиннесте!”деп сүйүнсөк болот. Бул аракет менен бир нече өлкөдө жаңылык жарата аларыбызга шек жок. Алгач Кыргыз өлкөсүнөн кирген рекордчуларды таап, алар менен кеңешип, иш-кагаздарды толтуруу жол-жоболорун сурап-билүү шарт. Анткени документтер туура жана так толтурулбаса, бул сунуш жокко чыгарылышы ыктымал”-дейт Солтобек Эркин. 

Ошондой эле калпактын сүрөттөрү, атайын тартылган видео репортаж, күбөлөрдүн кагаз түрүндөгү көрсөтмөлөрү, баш кийимдин тарыхы жана бардык документтер англис тилинде толтурулуусу талап кылынарын кошумчалады.

Учурда кылым карыткан кыргыздын эң чоң үлгүдөгү баш кийими бүткүл дүйнөгө таанылып, кыргыз демин жандандырып, көөдөнүн көтөргөнү турат. Бул тууралуу маалымат бардык жергиликтүү ЖМКларда көрсөтүлүүдө. 

Белгилей кетсек, 5-март – Ак калпак күнүнө карата улуттук баалуулуктарды даңктоо, урматтоо максатында тигилген калпак ак кийизден жасалып, оймолору кара түстө түшүрүлүп, аны атайын ууз-чеберлер чийип чыгышкан. Учурда улуттук баш кийим “Жал” кампусундагы, Экономика жана башкаруу факультетинин имаратында турат.