“Мисс Манас - 2018” аныкталды


12-март күнү Көркөм-өнөр факультетинин маданият борборунда “МИСС МАНАС - 2018” сулуулар сынагы өткөрүлдү. Конкурста сулуу аталуу үчүн жалпы 8 кыз ат салышты. Иш-чарада ачылыш сөзүн сүйлөгөн проректор проф., док. Анварбек Мокеев буларга токтолду “Кыздарыбыз бир гана окуу менен чектелбей, өздөрүн ар тараптан таланттуу экенин  далилдеп келишет. Бүгүн дагы өзгөчө таланттарын тартуулайт деп ишенем”,-деп билдирди.

Иш-чарада тамашоучу Жаныш Майрамбеков, ырчы Жан Сабыров, Студенттик иштер жана бүтүрүүчүлөр филиалынын мүчөсү Адилет Кубанычбеков, Студенттик Кеңештин төрайымы Алина Тилектешова жана сынактын уюштуруучусу Аяна Жунушакунова болду.

Сынактын жүрүшү төрт баскыч менен өттү:

  1. Саламдашуу
  2. Өз өнөрүн тартуулоо
  3. Суроо-жооп
  4. Кече көйнөгү менен басуу

Кыздар сулуулугу, сымбаттуу басыгы, жагымдуу жылмаюсунан сырткары ар тараптан таланттуу экенин дагы көргөзө алышты. Бири ырдаса, бири бийлеп, бири ошол жерден сүрөт тартканга дагы жетишти.

Калыстар тобунун чечими менен “МИСС МАНАС 2018” наамын финансы жана кредит бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Сабира Жолчиева жеңип алды. Таажыны былтыркы жылдын сулуусу өз колу менен өткөрүп берди. Ал эми “Вице-мисс” наамына Туризм бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Нурзат Алымбердиева татыктуу болду. Ошондой эле кыздар сахнада өзүн алып жүрүү боюнча төмөнкүдөй наамдарга ээ болушту:

  • “Мисс грация”- Жаныбек кызы Нурия “Мисс краса”-Аэлита Султакеева
  • “Мисс көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү”- Мырзайым Акматалиева
  • “Мисс фотогеничность”- Айсалкын Болотбекова
  • “Мисс улыбка”- Курманжан Жунусова
  • “Мисс очарование” - Айдана Сатыбалды кызы аталды.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова