“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” бизнес-идея долбоорунун өкүлдөрү студенттер менен жолукту


Үстүбүздөгү жылдын 13-март күнү экономика жана башкаруу факультетинин 205-аудиториясында “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” аталышындагы чоң масштабдагы бизнес-идея долбооруна катышуу боюнча маалымат берилди.

“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” коомдук уюмдун жетекчиси Алмаз Сүйүнбеков жана өзүнүн командасы менен келди.

“Бул долбоорго катышуу менен студенттер өзүнүн бизнес-идеясын ишке ашырууга, бизнесмендер менен маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат”- деп билдирди Алмаз Сүйүнбеков. Конкурска катышуу үчүн бир нече критерийлер дагы каралган:

1) КР жараны болуу 18+ ;

2) Бизнес-идеяң болуу ;

3) Тажрыйба;

4) Проектин өнүгүшү үчүн жеңүүчүнүн камерага тартылууга макул болуусу керек. Бул долбоордун жүрүшү 8 этап менен өткөрүлөт:

  1. Проекттин башталганы тууралуу жарыялоо;
  2. Заявкаларды кабыл алуу;
  3. Интервью;
  4. Бизнес план боюнча тренингтен өтүү;
  5. Жарым-финал;
  6. Финал;
  7. Проектти ишке ашырууга киришүү;
  8. Көзкарандысыз башкаруучу.

 

Ошондой эле былтыркы жылдын жеңүүчүсү, университетибиздин Экономика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Айкын Кожоева дагы өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Кожоева “Койдун сүтүнөн быштак” жасоо деген бизнес-планы менен жеңип алган. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз идеялары менен бөлүшүп, суроолоруна жооп алышты.

Эскерте кетсек, ушул сыяктуу жолугушуулар университетибиздин Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде ишке ашырылат.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова