Мектеп окуучуларына жол эрежелери боюнча мелдеш өткөрүлдү


Борбор калаабыздагы “SOS Герман Гмайнер “ окуу-тарбия комплексинин 9-10 -классынын окуучуларынын арасында “Мен жол эрежелерин билем” аталышында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Мелдеш Студенттик иштер жана бүтүрүүчүлөр филиалынын жетекчилигинде "Ойлоншоу" клубу тарабынан уюштурулду. Иш-чарага аталган мектептин директору Светлана Тенизбаева, тарбия завучу Айгул Нурманбетова, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышты.

Мелдеште жалпы 6 команда күч сынашып, жол кыймылынын эрежелерине жана коопсуздукту сактоого байланышкан суроолорго жооп беришти. Иш-чаранын максаты окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери тууралуу кенири маалымат берүү жана коопсуздукту сактоого үйрөтүү.

Жыйынтыгында 3-орунду “Зелённый цвет” командасы ээлесе, аз гана упай менен артта калган “Зебра” тайпасы 2-орунга татыды. Ал эми “Икадум” командасы эң көп упай топтоп жеңишке ээ болду. Оюнчулар арасында жүргүзүлгөн таймашта 9-б классынын окуучусу Раимбердиев Болот “Мыкты оюнчу” аталды. Жеңүүчүлөр грамота жана белектер менен сыйланды.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган мектепте “Мен жол эрежелерин билем” темасында 1-4-классынын окуучуларынын арасында сүрөт тартуу жана 5-8-классынын окуучуларынын арасында дилбаян жазуу конкурстары өткөрүлгөн.

 

Даярдаган:Адинай Курманова