“Кыз-жигит сармерден” оюнунда кимдер жеңди?


14-март күнү К. Тыныстанов жыйындар залында “Кыз-жигит сармерден” оюну өткөрүлдү. Иш-чарага университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док. Хүсейин Өгүт жана студенттер катышты.

Сармерден манас айтуу менен башталды. Ачылыш сөзүндө “Сармерден кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын эң мыкты чагылдырган саамалыктын бири. Мындай оюндун унутулбай, урпактан-урпакка сакталып калганы сыймыктандырат”,-деди ректор проф., док. Себахаттин Балжы.

Оюндун жүрүшүндө кыз-жигиттер кезеги менен обондуу ырларды ырдап, улуттук оюндарды ойношту. Ошондой эле жаңылмач, макал-лакап жана табышмак айтышты.

Жыйынтыгында эки тарап бирдей упайга ээ болгондуктан, жигиттердин суранычы менен поэзия жарышы орун алды.

Соңунда кыздар тарап автордук ырларды окугандыгы менен айырмаланып жеңүүчү аталды. Эскерте кетсек, сармерден оюну жыл сайын өткөрүлөт.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы