Студенттик фестивалда “Манас” университети 1-орун алды


    Махмуд Кашгари-Барскани Чыгыш университети тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык “Көчмөн элдердин орток мурасы-улуттарды биримдикке чакыруу” аттуу студенттик фестивалда  Кыргыз-Түрк “Манас” университети 1-орунду жеңип алды.

    Фестивалдын жүрүшүндө улуттук буюмдар, кийимдер жана тамак-аштар  көргөзмөгө коюлуп, студенттер этно хит, этно бий жана этно тамак-аш конкурстары боюнча күч сынашты.

    Жыйынтыгында үчүнчү жана экинчи орунду Махмуд Кашгари-Барскани Чыгыш университети ээледи. Ал эми 1-орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университети жеңип алды. Жеңүүчүлөр грамота жана белектер менен сыйланды.

    Фестивалдын максаты көчмөн элдердин маданияты менен тааныштыруу жана элдердин биримдигин чыңдоо.

 

Даярдаган: Адинай Курманова