Республикалык предметтик олимпиаданын катышуучулары “Манас” университетин тандайт


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 23-24-март күндөрү республикалык предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын алкагында катышуучулар окуу жайыбыз менен таанышып кайтты.


Окуучулар алгач К.Тыныстанов жыйындар залында университеттин таанытым тасмасына күбө болушту. Андан соң окуу жай тууралуу ой-пикирлерин билдиришип, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Окуучулардын көпчүлүгү университетке сынак тапшыруу, жатаканадагы шарттар жана тил үйрөнүү жаатындагы суроолорго кызыгышты.


Экскурсиянын соңу кампус тур менен уланып, бардык факультеттерге, китепканага жана жатаканага саякат жасашты. Катышуучулар телестудия, “Манас” радиосу, “Манас” гезити жана инженерия факультетинин лабараториялары менен таанышып кайтты.


Таанытуу иш-чаралары Студенттик иштер жана бүтүрүүчүлөр филиалынын жетекчилигинде студенттерибизден түзүлгөн таанытуу командасы тарабынан өткөрүлүп келет.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети дубанынан келген мектеп окуучулары он предмет боюнча эки күн күч сынашты. Олимпиаданын жүрүшү толугу менен түз эфирде көрсөтүлдү.

Даярдаган: Адинай Курманова