Диний экстремизмге каршы турууга багытталган семинар өттү


Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде “Диний экстремизмге каршы туруу, терроризмди жана улуттар аралык чыр-чатакты алдын алуу” аттуу семинар уюштурулду. Семинарга университетибиздин окутуучулук жамааты жана студенттери катышты.


Семинарда диний экстремизм, терроризм түшүнүктөрү түшүндүрүлүп, ага каршы туруунун жана алдын алуунун мааниси, жол-жоболору айтылды. КРдин ички иштер министрлигинин кызматкери, теолог, дин изилдөөчү Медер Карабаев “Диний билим берүүнү мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу үчүн бирдиктүү диний окутуу программасын түзүү керек”,- деп билдирди.


Мамлекеттик дин башкармалыгынын башкы адиси Замир Турсунбаев жана Ички иштер бөлүмүнүн башкы башкармалыгындагы милициянын майору Айбек Жумалиев өлкө ичиндеги жана дүйнө жүзүндөгү террордук окуяларды мисалга алып, улуттар аралык чыр-чатакты алдын алууда маани берүүчү жагдайлар тууралуу кеңири маалымат беришти.


Семинардын максаты студенттерге экстремизмдин, терроризмдин, улуттар аралык чыр-чатакты алдын алуу жана аталган темалардын маанилерин туура түшүндүрүү.
Иш-чаранын соңунда студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Иш-чара Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филалы тарабынан уюштурулду.

Даярдаган: Адинай Курманова