Дебаттык турнирде студенттерибиз үч байгени тең жеңип алды


  7-8-апрель күндөрү университетибизде “Туура тамактануу” темасынын алкагында 1-Республикалык “Ахунбаев” аттуу дебаттык турнир өткөрүлдү. Турнирге Бишкектеги ЖОЖдордон жалпы 30 команда катышты.

    Турнирдин биринчи күнү тандоо туру болуп, чейрек финалга 16 команда тандалды. Экинчи күнү жарым финал жана финалдык таймаштар орун алып жеңүүчүлөр аныкталды.

   “Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жарандык альянсынын” төрайымы Кожобердиеава  Гүльмира “Турнирде дебатёрлордун аябай изденип, окуганына баа бердим. Алар дүйнөлүк тамак-аштардын тарыхынан тартып  эне сүтү  жөнүндө да көпчүлүк билбеген пайдалуу маалыматтары менен бөлүштү. Оюн учурунда парламентте мыйзам жактап жаткандай сезим калтырышты”,-деп билдирди.  

    Жыйынтыгында окуу жайыбыздын студенттеринен куралган “А+А”  командасы 3-орунду, “Эсиңдеби” 2-орунду ээлесе, баш байгени “Мастер угвей жана Kатара” тайпасы жеңип алды. Ал эми “Мыкты спикер” наамына  Шайдылдаев Жоомарт, “Мыкты сот” наамына Абдрашитов  Белек  татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө кубоктор, акчалай сыйлыктар жана грамоталар берилди.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы