Окуу жайыбызда велосипед туру уюштурулду


  7-апрель күнү  Студенттик Кеңештин “Велосипедчилер» клубу  тарабынан "Велосипед туру" иш-чарасы уюштурулду. Турдун ачылышына проректор проф., док. Хүсейин Өгүт,  Студенттер жана бүтүрүүчүлөр филалынын мүдүрү Кыял Турдакунова, Студенттик Кеңеш жана студенттер катышты.

  Ачылыш сөзүндө проректор проф., док. Хүсейин Өгүт “Мындай велосипед турлары студенттердин дем алыш күндөрүн пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүүдө. Аны менен бирге студенттер арасында достукту арттырып, ынтымакты бекемдөөсүнө ишенем”,-деп билдирди.

   Велосипед туруна жалпысынан 30 га жакын студент катышып, көпчүлүгү өзүнүн велосипеди менен чыкса, айрымдары ижарага алып катышты. Окуу жайыбыздын башкы кире бериш аркасында башталган велосипед туру, туу сайылган панорамага чейин жетип, 30 км аралыкты басып өтүштү.

   Белгилей кетсек, буга чейин  Ала-Арча жаратылыш паркына велосипед туру уюштурулган.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова