“Plogging Manas” ишембилиги уланууда


    Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде “Таза Жашоо” долбоорунун алкагында “Plogging Manas”  ишембилиги  өткөрүлдү. Ишембиликке студенттер жана бүтүрүүчүлөр катышты.

    Катышуучулар Түштүк магистраль көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисин жана Ажыке баатыр көчөсүн көздөй чуркап, жол четиндеги таштандыларды чогултушту. Ошондой эле кампустун ичиндеги таштандыларды тазалашты.

    Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын мүдүрү Кыял Турдакунова “Шаар тургундары  таштандыларды ыргытпай, өзүнүн айлана-чөйрөсүн таза кармаса шаарыбыз да таза болот эле. Биз мындай акцияларды уюштуруу менен элди таштанды ыргытпоого чакырабыз”,-деп билдирди. Ал эми акциянын катышуучусу Мырзайым Бакытбекова “Көчөлөрдөгү таштандыларды көрүп абдан кейидим, бул акция аз да болсо шаарыбыздагы таштандылардын азайышына жардам берет деп ишенем”,-деди.

    Плоггинг - чуркап бара жатып таштанды чогулткан фитнестин жаңы тренди. Бул акция Швецияда башталып, учурда Европа өлкөлөрүнө да жайылууда. Плоггингдин максаты ден соолукту чыңдоо менен бирге экологияга кам көрүү болуп саналат.

    Акция Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын демилгеси менен Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Студенттик Кеңеш жана Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан  экинчи ирет уюштурулду.

Даярдаган: Адинай Курманова