“Жашыл кампус” урааны менен көчөт отургузулду


14-апрель күнү окуу жайыбызда “Жашыл кампус” деген  ураан менен көчөт отургузулду. Иш-чарага ректор проф., док. Себахаттин Балжы, проректорлор проф., док. Анварбек Мокеев, проф., док. Хүсейин Өгүт,  окутуучулар жамааты, бүтүрүүчүлөр жана студенттер катышты.

Ачылыш сөзүндө ректор проф., док. Себахаттин Балжы “Окуу жайыбызда жерлердин көпчүлүгү таштак болгону үчүн бир аз маселе бар. Бирок ага карабастан айланабызды жашыл бак-дарак менен курчоого болгон аракетибизди жасап келебиз”,- деп билдирди. Университетибиздин бүтүрүүчүлөрү дагы келип өз көчөттөрүн отургузушту. Алардын бири белгилүү алып баруучу Эркин Рыскулов “Университетти бүтүргөнүмө 8 жыл болуп калды. Ошондон бери мындай иш-чарага келе элек болчумун. Студенттик күндөрдү эстеп, окуу жайымдын жашылдануусуна мен дагы өз салымымды кошуп жатам”,- деди.

Ошондой эле Студенттик Кеңештин курамындагы бардык клубдар командасы менен келип көчөт отургузушту. Жалпысынан 150гө жакын бак отургузулду.

Белгилей кетсек, көчөт отургузуу иш-чарасы Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы, Студенттик иштер башкармалыгы жана Студенттик Кеңеш тарабынан уюштурулду.

Даярдаган:  Нурзат Казыбекова