Студенттик Кеңешке шайлоо өткөрүлдү


13-октябрда 2016-2017-окуу жылы үчүн Студенттик Кеңеш Башкармачылыгынын Башкаруу жана Текшерүү Кеңештерине шайлоо өткөрүлдү. Ага университеттин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы, биринчи проректору проф., докт. Асылбек Кулмырзаев жана проректорлор, мурунку Студенттик Кеңеш Башкармачылыгынын мүчөлөрү жана бөлүм өкүлдөрү катышты. 

Шайлоонун жыйынтыгында эң көп упай алган Залкар Акылбек уулу, Айзирек Муктарова, Нурсейит Насиров, Айганыш Абдуллаева,  Атилла Гүвен, Атакан Арслан, Нарман Юсупов Башкаруу Кеңешине шайланышса, Текшерүү Кеңешине Алина Тилектешова, Керем Тосун жана Салим Акбаш  дайындалды.

14-октябрда төрага жана төраганын орун басары  шайланып, анда  төрага Залкар Акылбек уулу, төраганын орун басары болуп Атилла Гүвен жана Студенттик Кеңештин баш катчылыгына болсо Атакан Арслан бир добуштан шайланды. Ал эми текшерүү кеңешине Салим Акбаш төрага болду.