“Манас үнү-2018” кароо-сынагынын жеңүүчүсү аныкталды


30-апрель күнү даярдоо курсунда окуп жаткан студенттердин  арасында уюштурулган “Манас үнү-2018” эстрадалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара Студенттик Кеңештин жетекчилигинде “Манас үнү-2017” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү Диана Салиева жана Урмат Токомбаевдин тарабынан уюштурулду.

Финалдык турда жалпы 14 студент күч сынашып, биринчи бөлүгүндө кыргыз тилиндеги чыгармаларды аткарышса, экинчи этабында чет тилдериндеги ырларды ырдашты.

Кароо-сынакта катышуучулардан тышкары конок катары чакырылган интернет жылдызы Толгонай Арзыкеева, университетибиздин бүтүрүүчүлөрү, ырчылар  Сырга Сагынбекова, Азат Сыдыков өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле  “Moden Dance” бий тобу, тамашоунун “АЮК” курама командасы жана окуу жайыбыздын  “Манас сөзү”  командалары катышты.

Жыйынтыгында Мээрим Миңбаева “Манас үнү-2018” наамын жеңип алды. Ал эми  Рейна Жаныбекова 2-орунду багындырса, Шайыр Бакытбекова жана Дастан Камчыбеков  3-орунга татыктуу болду. Жеңүүчүлөр грамота жана белектер менен сыйланды.

Эскерте кетсек,  “Манас үнү” эстрадалык кароо-сынагы алгачкы ирет 2017-жылы окуу жайыбыздын музыка бөлүмүнүн студенти Бексултан Алимбековдун демилгеси менен уюштурулган.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы