Кыз ала качууга каршы акция уюштурулду


Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда кыз ала качууга каршы акция өткөрүлдү. Иш-чара КРдин билим берүү жана илим министрлиги, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча агенттиги жана “Enactus Кыргызстан” уюмунун колдоосунда уюштурулуп, Бишкек шаарындагы ЖОЖдордон эки миңге жакын студент катышты.

Аталган акцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору проф., док. Анварбек Мокеев, Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова жана университеттин студенттери катышты.

Акцияда ЖКнын депутаттары Жанар Акаеев, Айсулуу Мамашева, “Enactus Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Гүлбарчын Сүйүнова жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү кыз ала качууга каршы ой-пикирлерин билдирип, жаштарды зомбулукка, ала качууга каршы турууга жана күрөшүүгө чакырды. Студенттердин атынан сөз сүйлөгөн университетибиздин Студенттик Кеңешинин төрайымы Алина Тилектешова “Ала качууну токтотуу үчүн бир муштумдай түйүлүп, жаштар улууларды, улуулар жаштарды күтпөй баарыбыз ала качуунун салт эмес, кылмыш экенин экенин түшүндүрүшүбүз керек жана күрөшүүнү токтотпошубуз керек”,- деп билдирди.

Акциянын катышуучулары колуна “Биз ала качууга каршыбыз”, “Ала качуу салт эмес, кылмыш” деген жазууларды кармап чыгышкан. Иш-чара эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду. Уюштуруучулардын айтымында мындай акция бир гана Бишкекте эмес, өлкөнүн бардык аймактарында уланат.

Даярдаган: Адинай Курманова