Evolve Cup 2018


Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Экономика жана башкаруу факультетинин имаратында “Манас” дебаттык клубунун "Evolve Cup 2018" турнири өткөрүлдү.Турнирге жалпысынан Бишкек шаарынын бардык ЖОЖдордун дебаттык клубдарынан түзүлгөн 40 команда катышты.

2018-2019-окуу жылынын алгачкы дебаттык иш-чарасынын ачылышында, клубдун орус лигасынын башчысы Шамиль Кубулбеков бардык катышуучулар менен амандашып, турнирдин “Манас” университетинде өтүп жатканына чексиз кубанычта экендигин билдирди.

Турнирдин кызуу жүрүшүндө бардык командалар жаңы дем, жаңы күч, 100% мыкты даярдык менен келишкени байкалып турду. Айыгышкан таймаштын жыйынтыгында турнирдин жеңүүчүсү деп “Манас” университетинин студенти Алия Жакыпова табылды!

 "Манас" дебаттык клубунун бул жылдагы планында Бишкек жана Астанада өтө турчу эл аралык дебаттык турнирлерге мыкты даярдык менен барып, ал жерлерден дагы жениш менен кайтуу тургандыгын белгилеп отушту.

Даярдаган: Шамиль Кубулбеков
Которгон: Луиза Мелис кызы