"Достук, илим-билим жана мотивация" аттуу семинар өткөрүлдү


28-сентябрь күнү Cтуденттик Кеңештин “Инсандык өнүгүү" клубу тарабынан "Достук, илим-билим жана мотивация" аттуу семинар өткөрүлдү. Семинардын коногу университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы болду.


Достук, илим-билим жана мотивация тууралуу кенен маалымат берген ректор проф.,докт. Себахаттин Балжы: "Билим алгыла жана билимиңерди пайдалана билгиле, убактыңарды туура пайдаланып, эң негизгиси адамдык сапатыңарды жоготпогула. Пайдалуу адам болууга аракет кылгыла, эгерде өзүңөрдүн өзүңөргө пайдаңар тийбесе, үй-бүлөңөргө, чөйрөңөргө, мамлекетиңерге эч кандай пайдаңар тийбейт",-деди.

Семинардын жүрүшүндө ректор турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүп, келечек ээлерине кеп-кеңештерин берип, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди. Мындан тышкары, университетте студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн баса белгилеп, бүтүрүүчүлөрүбүздүн дүйнөнүн 34 өлкөсүндө иштеп жатышкандыгын билдирди.
Семинардын соңунда, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышып, ректорго "Инсандык өнүгүү" клубу тарабынан ыраазычылык баракчасы берилди.