Студенттик кеңешке шайлоо болуп өттү


2018-2019-окуу жылы үчүн Студенттик кеңеш башкармалыгынын башкаруу жана текшерүү тобуна шайлоо болуп өттү. Шайлоо 17-октябрь күнү Ректоратта университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док. Анварбек Мокеев мурунку Студенттик кеңештин мүчөлөрү жана шайлоочулардын катышуусунда өткөрүлдү.


Шайлоонун жүрүшүндө ректор проф., док. Себахаттин Балжы өткөн жылдын Студенттик кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, бул жылкы талапкерлерге ийгилик каалады. Ал эми былтыркы жылдын Студенттик кеңешинин төрайымы Алина Тилектешова, бир жыл ичинде командасы менен ар тараптуу аткарылган иштери тууралуу маалымат берди.
Андан соң талапкерлер өздөрүн тааныштырып, алдыга койгон максаттары менен бөлүшүштү. Башкаруу кеңешине жалпы 8 киши талапкер болсо, текшерүү тобуна 4 киши өз талапкерлигин коюшту.


Шайлоодо тандалган команда 18-октябрда өз ара шайлоо өткөзүштү. Шайлоонун жыйынтыгында 2018-2019-окуу жылынын Студенттик кеңештин төрагасы Көркөм өнөр факультетинин студенти Нурсултан Абдимиталип уулу, анын орун басары Гуманитардык факультетинин студенти Меситжан Бинзет, ал эми текшерүү тобунун башчысы Коммуникация факультетинин студенти Мухаммед Али Гүвен шайланышты.

Даярдаган:Аксаамай Назарбай кызы